"Токой тили"

Gulnaz Kambaralievna

Салам! Менин атым Гүлназ Камбаралиева. Мен Могол айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылында жашайм, менин айылымда, дээрлик кылымдарды карыткан жаңгак дарактары бар дүйнөдө уникалдуу жана жалгыз токойдун четинде туулуп-өскөнүм үчүн абдан сыймыктанам. Бала кезден менин эсимде, айылдарды курчап турган укмуштуудай кооз табият, токойдогу жандуу турмуш, дарактар мунун баары менин бала чагым!. Ал эми токойго барганда бак-дарактар, чөптөр, гүлдөр өз алдынча жашоо өткөрүп, өз тилинде сүйлөгөн башка дүйнөгө кирип кеткендей болчумун. Бул өзгөчө тил менин “Токой тили” деп аталган подкастыма арналды.

More ways to listen